04 апрель 2025
Кароолор: (75)
А.АЗИМКАНОВ КӨЧӨСҮНДӨГҮ ЖОЛДУ КЕҢЕЙТҮҮГӨ ТУУРА КЕЛГЕН КУРУЛУШТАРДЫ ЖАШООЧУЛАР ӨЗДӨРҮ БУЗУП ЖАТАТ

Жалал-Абад-Бек-Абад жолунун шаарга караган 1,3 чакырым аралыгында жолду кеңейтүү, курулуштарды бузуу, эски асфальттарды алуу жумуштары кызуу жүрүп жатат. Жолду кеңейтүүдө 51 курулуш буздурула тургандыгы аныкталган. Алардын 42сине Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен компенсация төлөнүп берилет.
Буга чейин шаар мэри Эрнисбек Ормоков жолду кеңейтүү учурунда курулуштары бузула турган тургундар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин жашоочулар 10-апрелге чейин курулуштарды өздөрү бузуп бермей болушкан.
Белгилей кетсек, аталган жолдун жалпы 6 чакырым аралыгы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан реконструкциялоодон өткөрүлөт. Жолдун 3 чакырымы 4 тилкелүү, эки чакырымы 2 тилкелүү болот.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз