28 февраль 2025
Кароолор: (130)
"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ" СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал Абад шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган "Жылдын мыкты мугалими” шаардык сынагында Кадыр Закиров атындагы №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асилова Нурайым Камчыбековна 2- орунду ээледи. Бул сынак жыл сайын мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүн- өзү жана кесиптик сапаттарын көрсөтүшүн камсыздоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, шаардын мыкты мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдердин мыкты тажрыйбасы жөнүндө маалымат банкын педагогикалык маалымат менен толуктоо максатында өткөрүлүп келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз