30 апрель 2025

Кароолор: (27)

"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ - 2025" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

29-апрель күнү, Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектепте "Жылдын мыкты мугалими - 2025" сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

 Сынакка 17 предмет боюнча жалпы 84 мугалим катышып, 51 мугалим 1-2-3-орундарды камсыздап, диплом жана баалуу белектерге ээ болушту. Биринчи орунду багындырган 17-мугалим алдыда облустук турда шаардын намысын коргойт.

 Белгилей кетсек, "Жылдын мыкты мугалими - 2025" сынагына жергиликтүү бюджеттен 1 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз