28 март 2023

Кароолор: (49)

"Жалал-Абад" санаториясынын аймагынан жеке менчикке берилип кеткен объектилер боюнча депутаттык комиссия жыйын өткөрдү

 Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Аида Исатбек кызы, Нулифар Алимжанова, Замирбек Мамасыдыковдор Жалал-Абад шаардык мэриясында жыйын өткөрдү.

Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын кызматкерлер катышты.

Жыйында Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия тарабынан "Жалал-Абад" санаториясынын кармагындагы мыйзамсыз сатылып кеткен объектилер жана жер тилкелери боюнча маселе каралды.

 Белгилүү болгондой, аталган санаториянын ичиндеги имараттар, жер тилкелери мыйзамсыз жеке тараптарга сатылып кеткен 9 факты аныкталган. Депутаттар укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жер тилкелерди, имараттарды мыйзам чегинде мамлекетке кайтаруу боюнча тапшырмаларды беришти.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз