22 май 2025
Кароолор: (25)
"ЖАЛАЛ-АБАД" САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Иш башкармасына караштуу “Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектердин ишин башкаруу боюнча дирекция” мекемесинин жетекчисинин орун басары Венера Батырбекова жана санаториянын эмгек жамааты катышты.
Эрнисбек Ормоков шаар менен катар “Жалал-Абад" санаториясы да жылдан-жылга жаңыланып, өнүгүү жолунда бара жатканын белгилеп, санаториянын жетекчиси Рамис Каимов баштаган эмгек жамаатты бассейндин ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, ден соолукка пайдалуу минералдык суу аралашкан бассейн ички жана тышкы туристтерди Жалал-Абадга тартууда маанилүү орунду ээлей тургандыгын айтты.
Белгилей кетсек, мында чоң жана кичине болгон эки бассейн бар. Кичинеси толугу менен санаториянын минералдык суусу менен толтурулса, чоң бассейнге минералдык суу аралашкан. Анын тереңдиги 1,4 метрден 1,7 ге чейин. Ал эми бассейндин акысы жаш балдарга 200 сом, калгандарына 400 сомдон.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз