18 март 2023
Кароолор: (38)
"ЖАЛАЛ-АБАД ТАЗАЛЫК" МЕКЕМЕСИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕДИ
Бүгүн, 17-март күнү "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин кызматкерлери кесиптик майрамын белгиледи. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ардак грамота жана ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.
"Жалал-Абад Тазалык" мекемесинде 128 жумушчу эмгектенет.
Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз







