16 февраль 2024

Кароолор: (47)

"ТҮНКҮ ӨСПҮРҮМ" АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

 Жалал-Абад шаарынын аймагында “Түнкү өспүрүм” аталышында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Тагыраагы, калаа аймагында түнкү 22:00дөн кийин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында мэриянын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда рейд жүрдү.

Рейд учурунда ата-энесинин же жакындарынын коштоосу жок жүргөн 12 өспүрүм аныкталды. Алардын үчөө шаар тургуну болсо, тогузу башка район-шаарлардан келгендер. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылып, ата-энелерине карата 4 протокол толтурулду.

 Эскерте кетсек, мындай рейд “Балдардын ден соолугуна, дене-бой интеллектуалдык, психикалык жана руханий адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу чаралары жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу максатында байма-бай уюштурулуп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз