10 март 2025

Кароолор: (69)

"ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ - АТА-ЭНЕДЕН ТАБЕРИК" АТТУУ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

 7-мартта Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында “Татыктуу тарбия - ата-энеден таберик” аттуу иш-чара болуп өттү.

 Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңешинин төрагасы Бекмамат Арстанбеков, ата-энелер жана мугалимдер катышты.

 Жыйында өспүрүмдөр арасындагы рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, аптекалык наркоманиянын жана эрте никеге туруулардын алдын алуу боюнча жетекчилер жана тийиштүү адистер тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 12 жылдык окутуу системасы боюнча маалымат берилди.

Мындан сырткары, психолог Чолпон Жээнбекова баланы туура тарбиялоодо эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын, балдардын максат коеё билүүсүнө шарт түзүү туурлуу кеңештерин берди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз