26 февраль 2024

Кароолор: (57)

"ӨЛГӨНДӨР БАРКТАЛМАЙЫН, ТИРҮҮЛӨР ДАҢКТАЛБАЙТ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарында 23-февраль- Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата, милиция кызматкерлеринин 100 жылдык маарекесине жана Баткендеги чек ара чатактарында курман болгондорго арналып, “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

 Иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясы менен шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулуп, мекенин коргоп курман болгон баатырларга куран окулду.

 Ошондой эле, окуучуларды максатсыз жүрүүдөн, ар кандай кылмыштуу окуялардан алыс болууга, дени сак жашоого чакырган көрүнүштөр аткарылып, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

 Саамалыктын жүрүшүндө Баткенде куралдуу кагылышууда курман болгон эки баланын ата-энесине Жалал-Абад ОИИБ тарабынан “Мээримдүү айым” наамы, ошондой эле, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз