16 май 2024

Кароолор: (80)

"МУРАС-ЮНАЙТЕД" ӨЗ ҮЙҮНДӨ 3-1 ЭСЕБИНДЕ "ИЛБИРСТИ" ЖЕҢИП АЛДЫ

 Бүгүн, Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда Жалал-Абаддын "Мурас-Юнайтед" командасы, Бишкектин "Илбирс" командасы менен беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 3-1 эсебинде жеңишке жетти.

 Белгилей кетсек, аталган стадион толугу менен жаңыланып, бүгүн, 15-майда пайдаланууга берилип, алгачкы футболдук беттеш өткөрүлдү. Футболдук беттешке Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы, Кыргыз футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана миңдеген футбол күйөрмандары келди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз