08 май 2024

Кароолор: (23)

"Менин конституциялык укуктарым" аталышында акысыз юридикалык жардам берүү акциясы өттү.

 Жалал-Абад шаарындагы "Мир" кинотеатрынын алдында "Менин конституциялык укуктарым" аталышында акция өтүп, анда жарандарга акысыз юридикалык кеңештер берилди.

 Иш-чаранын алкагында жарандардын укуктары жана милдеттери, соттук жана соттон сырткаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берилип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берүү кызматтары бар экени маалымдалды.

 Акысыз юридикалык жардам алууга келгендер пенсия, жөлөк пул алуу, жер тилкелерин берүү, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу, мурас жана алимент маселелери боюнча берилген суроолоруна жооп алышты.

 Белгилей кетсек, аталган иш-чара Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы №133 токтомуна ылайык уюштурулуп, жыл сайын жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү акциясы өткөрүлүп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз