13 март 2023

Кароолор: (381)

"МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНДИГИМЕ СЫЙМЫКТАНАМЫН” АТТУУ СЫНАК ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарында “Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанамын” аттуу мектептер аралык сынак өттү. Ага шаардагы мектептерден 7 жаштан 16 жашка чейинки 200дөй окуучу катышты. Анда окуучулар ыр, бий жана музыкалык аспаптарда ойноо боюнча күч сынашты.

 Шаардык этаптан өткөн окуучулар облустук сынакка катышат. Ал эми облустук турда жеңүүчү болгон окуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна жолдомо алышмакчы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз