13 октябрь 2025
Кароолор: (15)
"МАНАС" СТЕЛАСЫ АЧЫЛДЫ

11-октябрда, Манас шаарындагы Аюб-Тоодо «Манас» стеласынын ачылышы болду. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Жаңы стеланын бийиктиги 8 метрди түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгесин Жогорку кеңеш 10-сентябрда жактырып, өлкө башчы 17-сентябрда кол койгон жана мыйзам 27-сентябрда күчүнө кирген. Буга байланыштуу калаадагы “Жалал-Абад” деген стела "Манас" болуп өзгөртүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз