28 февраль 2025
Кароолор: (80)
"Манас таануу" теле - таймашынын жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте түзүлгөн "Манас" эпосу жөнүндөгү 2011- жылдын 28-июнундагы #59 Мыйзамынын негизинде жарыяланганына байланыштуу шаардык мектептер аралыгында 2023-жылдын 11-февраль айында болуп өткөн "Манас таануу" теле - таймашынын жыйынтыгында #1 Михаил Бабкин атындагы мектеп -гимназиясынын 8-классынын окуучуларынын катышуусунун негизинде, 21 упай менен "Кабылан" тобу биринчи орун алып,областтык турга жолдомо алышты.Теле-таймаштын катышуучулары Манапова Айтунук,Алишерова Асема,Мурзабеков Амантур жана даярдаган мугалими Джаныбекова Кутпия Тыныбековнага ыраазычылык жана областтык турда да ийгиликтерди багындырып келишине тилектешпиз.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз