12 февраль 2024

Кароолор: (7)

"МАНАС ТААНУУ" ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ӨТТҮ

 9-февралда Жалал-Абад шаарында мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” интеллекетуалдык таймашы болуп өттү. Шаардык деңгээлде уюштурулган таймашка калаадагы 18 мектеп (18 топ) катышып, аларга Кыргыз Улуттук “Манас” театрынан келген уюштуруучулар калыстык кылышты.

 Иш-чара манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине арналып уюштурулган.

 Мындан сырткары, шаардык деңгээлде “Манас” айтуу кароо-сынагы да өткөрүлдү.

 Сынак У.Мамбеталиевдин жана С.Касмамбетовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

 Сынактардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылып, облустук турга жолдомо алышты

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз