19 июль 2024

Кароолор: (60)

"Курманбек" стадионунда️ АФКнын Чакырык Лигасынын алкагында «Абдыш-Ата» ФК (Кыргызстан) - «Аттак» ФК (Ооганстан) футболдук беттеши өтөт.

"Курманбек" стадионунда️ АФКнын Чакырык Лигасынын алкагында «Абдыш-Ата» ФК (Кыргызстан) - «Аттак» ФК (Ооганстан) футболдук беттеши өтөт.

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда 13-август күнү АФКнын Чакырык Лигасы алкагында өтө турган «Абдыш-Ата» ФК (Кыргызстан) - «Аттак» ФК (Ооганстан) беттешин кабыл алат. Андан сырткары, Кыргызстандын Улуттук курамасынын окуу-машыгуу жыйынынын алкагында өтө турган контролдук беттештери «Курманбек» стадионунда өтөт.

Аталган стадион Улуттук жана клубдук деңгээлдеги эл аралык даражадагы оюн жана мелдештерди кабыл ала турган учурда өлкөдөгү жалгыз стадион болгондуктан, анын оюн талаасын калыбына келтирүү иши жүрүүдө.

Бул спорттук обьектинин оюн талаасын гана калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыктан, Жалал-Абад шаарынын спортчулары үчүн стадиондун кириши ачык жана алар үчүн чуркоо аянтчасы дайыма жеткиликтүү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз