28 март 2025
Кароолор: (179)
"КУРМАНБЕК - КЫЛЫМДАР МУРАСЫ" ТРИУМФАЛДЫК АРКАСЫ ЖАНА АНЫН АЙЛАНАСЫ ЖАРЫКТАНДЫРЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги "Курманбек - кылымдар мурасы" триумфалдык аркасы жана анын айланасы жарыктандырылды. Арканын жарыктандыруусун жандыруу иш-чарасына Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жарыктандырууга жана арканы оңдоп-түзөө, актап-сырдоо жумуштарына жергиликтүү бюджеттен 2 млн. 184 миң сом жумшалды.
Белгилей кетсек, "Курманбек - кылымдар мурасы" триумфалдык аркасы 2024-жылдагы админстративдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынан шаарга өткөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз