27 апрель 2023

Кароолор: (47)

"Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу аяктады

Бүгүн, 27-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары жана аскерлери (күчтөрү) жана башка аскердик түзүмдөр, министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык «Коопсуздук-2023» машыгуусу аяктады. Аталган машыгууга активдүү катышкан, салым кошкон кызматкерлерге, резервдик ротанын аскерлерине Коргоо министрлиги тарабынан атайын наамдар, сыйлыктар тапшырылды. Алардын катарында шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев да бар.

Мындан сырткары шаар мэри Эрнисбек Ормоков да шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлерине, резервдик ротанын аскерлерине Ардак грамота жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз