28 ноябрь 2023

Кароолор: (468)

"Кардиология жана кардиохирургия бөлүнбөйт" аталышында илимий - практикалык конференция өттү

25- ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда "Кардиология жана кардиохирургия бөлүнбөйт" аталышында илимий- практикалык конференция болуп өттү.

 Конференцияга Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, аталган борбордун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, Калдарбек Абдраманов, Кыргыз республикасына эмгек сиңирген дарыгерлер, профессорлор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дарыгерлер катышты.

 Анда жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алуу, жаш балдардын ден соолугуна кам көрүү, заманбап медицинанын өнүгүшүнө салым кошуу багытында докладдар окулду.

 Белгилей кетсек, илимий-практикалык конференция аталган борбордун түзүлгөндүгүнүн 13 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз