10 февраль 2025
Кароолор: (102)
"ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ" АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД УЛАНУУДА

Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд уланып жатат. Ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.
Рейддин жүрүшүндө соода-сатык иштеринде, унаа жуучу жана оңдоочу жайларда иштеп жаткан өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелерине, камкорчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Рейддин максаты - өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык, физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө жана коопсуздук чараларын көзөмөлгө алуу болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз