18 июль 2024

Кароолор: (75)

"ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ" АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

 Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө соода-сатык иштеринде, унаа жуучу жайларда иштеп жаткан өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелерине, камкорчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Рейддин максаты - өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык, физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө жана коопсуздук чараларын көзөмөлгө алуу болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз