25 июнь 2024

Кароолор: (57)

"ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ" АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө 13 өспүрүм оор жумушка тартылганы аныкталып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

 Рейддин максаты - өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу мезгилинде оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз