26 апрель 2024

Кароолор: (21)

"ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ" АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

 Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

 Алар шаар аймагындагы базарларды, унаа жуучу жайларды текшерди.

 Рейддин жүрүшүндө базарларда иштеп жаткан 20дан ашуун мектеп окучусу кармалып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары, 4 баланын ата-энесине айып пул салынды.

 Рейддин негизги максаты өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана мектеп окучуларынын сабак учурунда билим алуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз