23 апрель 2025
Кароолор: (109)
"ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ!" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата “Эч ким, эч нерсе унутулбайт” аталышындагы майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Жалал-Абад облусу боюнча төрагасы Каныбек Тилекеев, Жалал-Абад облустук Славян диаспорасынын өкүлдөрү, мугалимдер жана студенттер катышты.
Иш-чарада окуу жайдын мугалимдери жана студенттер тарабынан ырлар жаңырып, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз