02 декабрь 2024

Кароолор: (240)

"ДИНИЙ ЧӨЙРӨДӨГҮ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ" АТАЛЫШЫНДА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

29-ноябрда Жалал-Абад шаардык мэриясында өлкөдө тыюу салынган ар кандай диний агымдарга азгырылбоо жана экстремизм-терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Ага шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев , мектеп директорлору жана ата-энелер катышты.

Анда жаштардын жүрүм-туруму, үй-бүлөлүк абалы, бош учурларында эмне менен алек болуп жаткандыгы туурасында маселе талкууланды.

Жыйындын катышуучуларына акыркы жылдары социалдык тармактар аркылуу экстремизм-терроризмди жайылтууну көздөгөн ар кандай билдирүүлөрдөн оолак болууга жана алардын туура эмес маалыматтарын бөлүшүүдөн сак болуу баса белгиленди. Жыйында тыюу салынган сайттар, китептер жөнүндө мисалдар келтирилди.

Мындан сырткары, ар бир ата-эне өз баласынын кандай жерде жана кандай шартта диний сабак алып жаткандыгына кызыктар болуусу керектигин дин өкүлдөрү баса белгилешип, жеке үйлөрдө диний сабак берүү мыйзамга каршы келээрин эскертишти.

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын тыюу салынган 21 диний агым бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз