18 апрель 2025

Кароолор: (25)

"ЧОҢДОРГО БИЛИМ БЕРҮҮ" РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ ЖАНА "БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР, КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ-2025" ИШ-ЧАРАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

 17-апрель күнү, Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын алдында өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуу жайлардын мугалимдери, студенттер жана шаар тургундары катышты.

 Иш-чаранын жүрүшүндө “Мыкты чач тарач”, “Мыкты ашпозчу”, “Мыкты кийим дизайнери” жана командалык оюн - “Менин кесибим - ардактуу” конкурстары уюштурулуп, алдыңкы орундарды ээлегендерге баалуу белектер берилди.

 Жарманкенин максаты - окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

 Белгилей кетсек, аталган жарманкеде мекеме-ишканалар тарабынан жалпы 1700 бош жумуш орун сунушталды. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү орун алып, концерттик программа тартууланды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз