09 апрель 2024

Кароолор: (66)

"БҮГҮНКҮ ЖЕТКИНЧЕК - ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК" АТАЛЫШЫНДАГЫ КИНО САБАК ӨТТҮ

8- апрелде Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп - гимназиясында "Бүгүнкү жеткинчек - эртеңки келечек" аталышындагы долбоордун алкагында, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде тартылган "Маңкурт" кино тасмасы көрсөтүлдү.

Кино сабакка Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев, жогорку класстын окуучулары, мугалимдер катышты .

Кино сабак Нышан Мырзакматов тарабынан уюштурулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин каржылык колдоосу менен уюштурулган. Анда кино тасмадагы кейипкерлердин образы талданып, окуучуларга тарбиялык мааниси терең түшүндүрүлдү.

Сабактын максаты - окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, адеп - ахлактуу болууга жана кыргыз элинин руханий баалуулуктарын сактоого үндөө болуп саналат.

Алдыда кино сабак шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде бир ай аралыгында өткөрүлөт.

 Белгилей кетсек, кино сабак Кыргыз Республикасынын Президентинин " Инсандын руханий адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жана " Улуттук нарк" жөнүндөгү жарлыктарын жүзөгө ашыруу максатында уюштурулган.