28 февраль 2025
Кароолор: (67)
"БИЗ КЫЛМЫШТУУЛУККА КАРШЫБЫЗ" АТАЛЫШЫНДА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

Биз кылмыштуулукка каршыбыз!
Бүгүнкү күндө мектептин спорт ийриминин катышуучулары менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын коноктору катары шаардык мэриясынын, прокуратуранын жана санэпидстанциянын өкүлдөрү катышып, жаштарга кылмыштуулуктун алдын алуу, коопсуз жашоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча кеңештер беришти.
Бул иш-чаранын негизги максаты — мектеп окуучуларынын арасында ден соолукту чыңдоо, спортко кызыгуу жаратуу, ошондой эле кылмыштуулуктан алыс болуу багытында маалымат берүү.
Спорт — бул жаштардын терс кылыктардан алыс болуу үчүн эң жакшы өбөлгө!
Биздин окуучуларга ушундай иш-чаралар таасир берип, келечектеги жакшы жарандарды тарбиялайт деген үмүттөбүз.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз