25 декабрь 2023

Кароолор: (73)

"БИР ЖЕТЕКЧИ, БИР ЫРЧЫ, ЭЛ ТАРАЗА, ЭЛ СЫНЧЫ" СЫНАГЫ ӨТТҮ

 22-декабрда Жалал-Абад шаарында “Бир жетекчи, бир ырчы, эл тараза, эл сынчы” аталышындагы кароо-сынак болуп өттү. Сынак калаадагы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдер арасында өтүп, Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына жана мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата уюштурулган.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева баштаган калыстар тобу, ошондой эле калаадагы мугалимдер, өнөр ээлери катышты.

 Сынакта мугалимдер жандуу ыр, макал-лакап, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткаруу сыяктуу шарттары менен таймашышты.

 Аталган иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышында калаада жарыяланган 3 айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз