19 май 2025
Кароолор: (29)
"БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ - ЭЛДИН ЭҢ ЧОҢ БАЙЛЫГЫ” АТАЛЫШЫНДАГЫ СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониясында Жалал-Абад шаардык мэриясы жана “Аннур академия” билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган Гапыр Мадаминовдун сабактарынын негизинде “Билим жана тарбия – элдин эң чоң байлыгы" аталышындагы семинар болуп өттү.
Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Нематилла ажы Жээнбеков, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Семинардын жүрүшүндө Гүлбарчын Таштанбекова билим берүү тармагында агайдын орду чоң экендигин белгилеп, Жалал-Абад шаардык мэриясынын алкыш баракчасын тапшырды.
КРнын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, заманыбыздын Дүйшөнү, билим берүү тармагындагы акылман устат катары коомчулукта белгилүү болгон Гапыр Мадаминов өзүнүн таасирдүү семинарлары аркылуу мугалимдерге, ата-энелерге жана жалпы коомчулукка билимдин жана тарбиянын терең маңызын жеткирип, улуттук баалуулуктар боюнча баяндады.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз