23 май 2025

Кароолор: (24)

"АТАМ, АПАМ - КЕЛЕЧЕК ТИРЕГИМ АТАЛЫШЫНДАГЫ СЫНАК БОЛУП ӨТТҮ

 КР Президентинин “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик”, "Уңгу жолу" Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Жалал-абад шаардик билим берүү бөлүмү менен “Ариет” балдар чыгармачылык борбору тарабынан окуучулар жана ата-энелер арасында “Атам, апам - келечек тирегим” аттуу сынагы уюштурулду.

 Сынактын башкы максаты - окуучуларды үй-бүлөлүк ынтымакка, билим алууга жана мекенге татыктуу кызмат кылууга, коргоого багыттоо болуп саналат.

 Сынакка шаардагы 25 мектептен бирден команда ата-энелери менен биргеликте катышты. Соңунда 1-2-3-орунду ээлеген командаларга дипломдор жана белектер берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз