06 март 2025

Кароолор: (81)

"АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

5-мартта Жалал-Абад шаарындагы №13 Розы Азимов атындагы мектебинде “Билим башаты-мектеп, тарбия башаты- үй бүлө” аталышындагы семинар болуп өттү.

Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасадыков жана ата-энелер катышты.

Анда Гүлбарчын Таштанбекова ата-энелерди келечек ээлери болгон өспүрүмдөрдүн тарбиясына көңүл кош мамиле жасабоого чакырды. Мындан сырткары, коомго өз салымын кошкон патриот уул-кыздар үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн чыгаарын кошумчалап, ата-энелер балдарына үлгү болуусу керектигин кошумчалады.

 Аталган семинар "Ата-энелер мектеби" программасынын алкагында уюштурулган. Семинардын башкы максаты - ата-энелерге баштапкы педагогикалык билим берүү, билим берүү уюмдары менен ата-энелердин байланышын бекемдөө, балдарды тарбиялоодо ата-энелер менен мугалимдердин милдеттерин жана жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз