28 май 2024

Кароолор: (83)

"Ариет" балдар чыгармачылык борбору отчеттук концерт берди

27- майда Барпы театрында Жалал-Абад шаарындагы "Ариет" балдар чыгармачылык борбору "Балдар - биздин бактыбыз" аталышындагы жылдык-отчёттук концертин тартуулады.

Иш-чарага Жалал- Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Анда "Ариет" балдар чыгармачылык борборунун таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Гүлбарчын Таштанбеков аталган борбордун эмгек жамаатын, окуучуларды шаар мэринин атынан куттуктап, шаар бийлиги билимдүү, чыгармачыл окуучуларды ар дайым колдой турганын баса белгиледи. Ал эми төрага Нуртилек Орозбаев "Ата- Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаттарынын атынан акчалай сыйлык жана Ыраазычылык баракчаларды тапшырып, окуучуларга ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында окуучулардын кол эмгегинен жасалган буюмдар жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

 Белгилей кетсек, "Ариет" балдар чыгармачылык борборунда 24 ийрим өз ишин алып барып, анда миңден ашуун таланттуу окуучулар тарбияланып келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз