04 июль 2023
Кароолор: (95)
"Ариет” балдар чыгармачылык борбору Ысык-Көлдө өткөн эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды

Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары ушул жылдын 28-июнунда Ысык-Көлдө өткөн эл аралык СТАРТАП боюнча сынакка катышып, Казакстандан, Өзбекстандан келген жалпы 12 команданын ичинен 1-орунга ээ болушту.
Сынакта жаш ойлоп табуучулук, көркөм сүрөт боюнча балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ариеттин жаш ойлоп табуучулары (Healthsuu) “Шекерсиз суу” аталышындагы суусундуктун жасалуу ыкмасын, анын ден-соолукка пайдалуу жактарын көрсөтүшүп, биринчи орунга татыган.
Бүгүн, 4-июлда калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин депутаты Буниса Мамадалиева Ысык-Көлдөн ийгилик менен кайткан окуучуларды куттуктап, дайыма изденүүчүлүк менен билим алуусуна тилектеш экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган сынак, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ,"Балажан " окуу –методикалык борбору , “Ысык-Көл балдардын көзү менен" аттуу коомдук уюмунун колдоосу менен жыл сайын уюштурулуп келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз