11 сентябрь 2023

Кароолор: (48)

"Андижан" футболдук клубунун оюнчуларын салтанаттуу тосуп алышты

  10-сентябрь күнү, Жалал-Абад шаарына коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун "Андижан" футбол клубунун оюнчулары келди.

Аларды Сузак районундагы "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекетинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Андан кийин делегация курамы Жалал-Абад шаарында жаңыдан ачылган "Барса" футбол академиясы менен таанышты.

 Эске салсак, бүгүн 10-сентябрь күнү саат 16:00дө Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда "Мурас Юнайтед" жана "Андижан"футбол клубтарынын достук беттеши өтөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз