21 февраль 2025

Кароолор: (97)

"ААЛЫМДАР ЫНТЫМАКТЫН, БИРИМДИКТИН БАШАТЫ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

 Бүгүн 21-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен “Аалымдар ынтымактын, биримдиктин башаты” темасында илимий-практикалык конфернциясы болуп өттү.

 Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, КР ДИМКнын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз Закиров, белгилүү дин аалымдары жана имамдар катышты.

 Иш-чаранын негизги максаты - өлкөбүздөгү улуттук жана диний баалуулуктарды элге жеткирүү, руханий жана диний жактан азык алуусуна шарт түзүу болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз