28 февраль 2025
Кароолор: (61)
"3-ДЕКАБРЬ ДЕН-СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕНДЕР КҮНҮ" БЕЛГИЛЕНДИ

3-декабрь Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүно карата Заманбап эл аралык университетинин директорунун орун басары ф.и.к. Н.Алтынбаев демилгеси менен колледждин окутуучулары жана 9 базасынын 1-курсунун студенттери тарабынан кайрымдуулук акциясы уюштурулду.
Алар Жалал-Абад шаарындагы балдар психоневрологиялык стационардык мекемесиндеги балдарды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү менен куттуктап, кайрымдуулук акциясында чогулган каражатка балдарга памперстер, оюнчуктар жана таттуу-шириндиктер алынып, балдарга таратылып берилди.
Колледждин парламенти жана таланттуу студенттери тарабынан уюштурулган концерттик программа уюштурулуп аларга карата тартууланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз