07 апрель 2025

Кароолор: (49)

7-апрель - Элдик революциясына 15 жыл!

 Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында 2010-жылдын 7-апрелиндеги жана 2005-жылдын 24-мартындагы окуялары эскерилди.

Эскерүү иш-чарасы бүгүн, 7-апрелде өтүп, ага КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, апрель жана март революциясынын катышуучулары, окуу жайлардын мугалимдери жана шаар тургундары катышты.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков 15 жыл мурда 7-апрель күнү кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыгып, тарыхый окуя орун алганын айтып, анда курман болгон инсандардын элеси түбөлүк сактала турганын белгиледи.

Эскерүү иш-чарасында 7-апрель-Элдик революциясында курман болгондордун эскерүү тактайчасына гүлчамбар коюлуп, куран окулду.

 Белгилей кетсек, 2010-жылы, 7-апрелде 87 киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Кыргызстанда бул күн “7-апрель - Элдик апрель революциясы” деп аталып, жыл сайын эскерүү иш-чарасы уюштурулуп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз