29 август 2023
Кароолор: (49)
400 ОКУУЧУГА МЕКТЕП ФОРМАЛАРЫ БЕРИЛДИ

"Элим барсыңбы?! Жалал-Абад" кайрымдуулук фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формаларын тапшырды. Бул саамалык, “Билим инвест” долбоорунун алкагында ишке ашып, райондордогу жана Жалал-Абад шаарындагы жалпы 400 балага берилди.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык-мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Буниса Мамадалиева катышты. Алар өз сөзүндө келечек ээлерине жасаган бул камкордугу үчүн “Элим барсыңбы?! Жалал-Абад" кайрымдуулук фондуна жана жакындан көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти.
Кошумчалай кетсек, “Билим инвест” долбоору 30-августка чейин улантылат. Буга чейин да аталган кайрымдуулук фонду 500 окуучуну мектеп формасы менен камсыздаган. Алдыда дагы 150 окуучуну жаңы окуу жылына даярдоо пландалган. Алардын ичинен 250дөйү Жалал-Абад шаарынын окуучулары.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз