03 декабрь 2024
Кароолор: (276)
3-декабрь - Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде иш-чара болуп өттү

3-декабрь - Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде иш-чара болуп өттү
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусунун ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Анда сөз сүйлөгөн Гулбарчын Таштанбекова аярлуу адамдарды кароодо дарыгерлердин, борбордун кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгилеп, жергиликтүү бийликтин атынан акча каражатын тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган мекемеде 4 жаштан 18 жашка чейинки жалпы 136 бала тарбияланат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз