21 май 2025
Кароолор: (37)
25-МАЙГА КАРАТА КАРАЖАТ ЖЫЙНООГО ЖАНА ОЮН-ЗООКТОРДУ, ЖАРАТЫЛЫШТА ЭС АЛУУЛАРДЫ УЮШТУРУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

Бул боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев баштаган мектеп директорлору менен болгон жыйында билдирди.
Гүлбарчын Таштанбекова 25-май - “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүүдөгү чектөөлөр менчигинин түрүнө карабай бардык мектептерге тиешелүү экендигин белгилеп, “Акыркы коңгуроо” салтанаты мектептерде гана өткөрүлүп, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында шаардык билим берүү бөлүмүнүн, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып бара тургандыгын кошумчалады.
Мындан сырткары, бул күнү ата-энелердин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуусуна, бүтүрүүчүлөрдүн жеңил автоунаалардын коштоосундагы жүрүштөрдү уюштуруусуна, кафе-ресторандарда кечелерди өткөрүүсүнө жол бербей, катуу көзөмөлгө алууну мектеп директорлоруна милдеттендирди.
Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарында 1383 окуучу 11-классты, 3855 окуучу 9-классты аяктап жатат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз