14 май 2024

Кароолор: (62)

25-МАЙДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МЕКТЕПТЕН СЫРТКАРКЫ ЖАЙЛАРДА ИШ-ЧАРАЛАРДЫ УЮШТУРУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 13-май күнү Жалал-Абад шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелерине жыйын уюштурулду. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаарыдык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ата-энелер жана мугалимдер катышты.

 Жыйында 25-май күнү боло турган бүтүрүү кечелеринде окуучулардын коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланып, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Белгилей кетсек, 25-май күнү, Жалал-Абад ШИИБнын кызматкерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлор күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Алар тарабынан унаалар менен айланып, эс алуу жайларында оюн-зоок уюштурган бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз