17 июль 2025

Кароолор: (26)

22-АВГУСТТАН ТАРТЫП ТАКСИЛЕР МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ЛИЦЕНЗИЯ МЕНЕН ИШТЕЙ БАШТАЙТ

22-АВГУСТТАН ТАРТЫП ТАКСИЛЕР МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ЛИЦЕНЗИЯ МЕНЕН ИШТЕЙ БАШТАЙТ

 Учурда ЖКККББ тарабынан жүргүнчү ташыган автоунаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишин лицензиялоо жана Техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурдин Самбаев баштаган кызматкерлер такси кызматында иштеген айдоочуларга жыйын өткөрүштү.

 Ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Курулуш, транспорт, коммуникация секторунун башчысы Дастан Кошназаров, Жалал-Абад ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кылычбек Рысбаев, ЖКККБ кызматкерлери, жүргүнчү ташыган айдоочулар катышты.

 Жыйында 22-августтан тарта такси кызматын көрсөткөн автоунаалардын айдоочулары лицензия алышы керектиги айтылып, 22-августтан кийин мыйзам чегинде протоколдор толтурула баштай тургандыгы эскертилди.

 Белгилей кетсек оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз