11 декабрь 2023

Кароолор: (53)

№21 МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП АШКАНА КУРУЛДУ

 Жалал-Абад шаарындагы №21 орто мектебинде жаңы ашкана курулуп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев баштаган калаадагы мектеп директорлору, мугалимдер катышты.

 1200 окуучу билим алган №21 орто мектебинде буга чейин ашкананын жоктугунан окуучуларга ысык тамак берилчү эмес. Эми аталган мектептин 500дөн ашуун окуучусуна ысык тамак берилүүдө.

 Ашкананын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 10 млн сом сарпталган.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 20 мектеп бар. Учурда алардын 13үндө балдарга ысык тамак берилет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз