28 март 2025
Кароолор: (89)
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА МИНИСТР МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бүгүн, 28-март күнү, Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма тетрында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасы боюнча маалымат берди.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.
Минстр Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасынын артыкчылыктарына токтолуп, билим берүү кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго жооп берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11 жылдык окутуунун оордуна 12 жылдык билим берүү системасы киргизилип жатат. Бул система 2025-2026-окуу жылынан баштап этап-этабы менен киргизилет. Ар жылы жаңы окуу куралдары жана китептер басылып, билим берүү стандарттары жаңыланат.
2025-жылы окуу китептерин чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн. сом бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз