02 июнь 2025

Кароолор: (21)

1-ИЮНЬ - БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 Жалал-Абад шаарында балдарды коргоонунун эл аралык күнүнө карата облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын алдындагы аянтта майрамдык иш-чара болуп өттү.

 Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков баштаган депутаттар, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев катышып, балдарды майрамы менен куттукташты.

 Майрамдык салтанатта балдар үчүн спорттук мелдештер, сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды. Мындан сырткары, шаардагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан даярдалган ыр, бийлер мында келген конокторго тартууланды.

 Иш-чаранын соңунда “Назик” кондитердик цехи тарабынан акысыз таттуулар таратылды.

 Белгилей кетсек, жергиликтүү бюджеттен Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине, Р.Г.Бауэр атындагы

облустук кургак учукка каршы күрөшү борборунун балдар бөлүмүнө,

“Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү

реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан

балдарга, “Бакыт” реаблитациялык борборуна жана Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына майрамга карата жалпы суммасы 150 миң сом акча каражаты бөлүндү. Мындан сырткары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 1062 балага 500 сомдон, ата-энесинен ажыраган 53 балага 1000 сомдон акча каражаты берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз