13 март 2025

Кароолор: (68)

1-декабрь - СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ЭАУнун иш-чарасы жөнүндө

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында 2024-жылдын 29-ноябрында ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжи тарабынан Улуттук “Кызыл Ай” коомунун, Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин медициналык факультетинин кызматкерлеринин катышуусунда 1-декабрь – СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “СПИДсиз жашоо – жаркын келечек!” аттуу студенттер үчүн массалык иш-чара өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 4 темада лекциялар окулуп, тематикалык видео материалдар, студенттер өздөрү тарткан тематикалык көркөм тасма көрсөтүлүп, атайын сахналаштыруулар жана концерттик номерлер тартууланды. Окуу жайдын фойесинде аталган темада дубал гезиттеринин көргөзмөсү да уюштурулду. Иш-чара жалпысынан жогорку деңгээлде жана мыкты уюшкандыкта өткөрүлдү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз