28 февраль 2025
Кароолор: (81)
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү

Заманбап эл аралык университетинин колледжинин чон жыйындар залында, аталган окуу жайдын 1-курстарынын арасында 1-декабрь “Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарада Заманбап эл аралык университетинин колледжинин директорунун орун басары Н.Алтынбаев, Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунун дарыгери И.Мурзамамат уулу, Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун адистери К.Ажиматова жана А.Абылкасымовалар катышып, ВИЧ СПИД, гепатит сыяктуу ооруларды жуктуруунун алдын алуу зарылдыгы боюнча баяндамалар жасалды. Ошондой эле бүгүнкү иш-чарада “Жаштар арасында баңгизатты колдонуунун алдын алуу” тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жаштык күлгүн курак, өчпөчүдөй сезилген бир көз ирмем. Бул мезгил барктаганга түбөлүктүүлүккө тете убакыт. Адамдын жашоосу максаты менен маанилүү. Ал максат так болсо, жашоо да так, анык жана сарамжалдуу өтөт. Максат аныкталган соң, ага жетүү жолу да аныкталуусу зарыл.
Бүгүнкү күндө айрым жаштардын жашоодогу максаты бүдөмүк жана күңүрт болууда. Кээ бир жаштар туура эмес жолду тандап, жеңил психотроптук бангизаттарды колдонуп жаткандыгы баса белгиленди.
Иш-чаранын жыйынтыгында Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунун дарыгерлерине жана Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдө борборунун адистерине окуу жайдын атынан ыраазычылык каттар жана активдүү катышкан студенттерге карата грамоталар ыйгарылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз