Аукциондор жана конкурстар
Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
19.12.2024
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жер ресурстар
башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине
киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт.
Кадрлар резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Иш стажы:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык
кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш
стажы;
2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– иш стажына талаптар коюлбайт.
Билими:
1) Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар.
1) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн жалпы
квалификациялык талаптар:
КРдин Конституциясы;
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө"
конституциялык мыйзамы;
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин
мыйзамы;
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
КРдин мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”
КРдин мыйзамы;
"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы;
КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен
бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама;
3) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы
квалификациялык талаптар:
КРдин Конституциясы;
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
КРдин мыйзамы;
Кесиптик компетенттүүлүгү
Билими:
1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:
КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
КРдин Жер Кодекси;
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин
мыйзамы;
КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен
бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама;
КРдин “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы.
1)Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
КРдин Жер Кодекси;
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин
мыйзамы;
КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен
бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама.
КРдин "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамы;
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:
-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
-кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү
менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана
кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек
китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg веб-
сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар
күнү саат 8-30 дан 17-30 гѳ чейин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер
ресурстар башкармалыгынын имаратында, документтик камсыздоо жана
каттоо бөлүмүндө кабыл алынат. Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев к.38.,
тел: (03722) 5-40-63.