Аукциондор жана конкурстар

ЖалалАбад шаардык мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине конкурс

Жарыяланган датасы:

31.01.2024

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине

киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт
Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:
1) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
– жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү
кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү
кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– иш стажына талаптар коюлбайт;
Билими:
1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар.
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар.
1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы;
 КРнын Эмгек кодекси;
 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
2) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
3) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
-

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

 конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
 кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)

 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
 резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
 өмүр баяан (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
 нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган
документтердин көчүрмөлөрү;
 нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар
болсо);
 ден соолугу боюнча № 086 тактама;
 соттолбогондугу жөнүндө тактама;
 паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын https://www.jalal-abad.gov.kg/ веб-сайтына
чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин
мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө 2024-жылдын 31-январынан 14-
февралына чейин кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет (уюштуруу иштери жана
персоналдык кызмат бөлүмү).

  Кароолор (145)